УКМК Атамбаевдин жан сакчысынын кызматтан алынышы боюнча үн катты

УКМК Атамбаевдин жан сакчысынын кызматтан алынышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президентАлмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин кызматтан алынышы боюнча расмий билдирүү таратты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде жумуштан алынган.

[su_quote]Ага карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен анын атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана уруксатсыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы аныкталган.[/su_quote]

Буга чейин бир нече басылмалар Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге таянып,  жансакчы Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен видео аркылуу куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>