УКМК Бабановду кайсы иштин негизинде суракка чакырганын айтты

УКМК Бабановду кайсы иштин негизинде суракка чакырганын айтты

УКМК экс-депутат Өмүрбек Бабановду кайсы иш боюнча суракка чакырганын бүгүн, 20-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча суракка чакырылган. Аталган иш боюнча Башкы прокуратура Бабановго кылмыш ишин козгогон. Бабанов кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүүдө.

Кечээ, 19-августта Финполдо дагы Өмүрбек Бабанов сурак берип чыккан. Суракта «Кыргызстан» банкы тууралуу сөз болгону маалым болгон.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>