УКМК генерал-майор Талантбек Исаевге кылмыш ишин козгоду

УКМК генерал-майор Талантбек Исаевге кылмыш ишин козгоду

УКМК генерал Талантбек Исаевге кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,  Исаевге карата  козголгон кылмыш иши «Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-берене «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» менен катталган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Талантбек Исаев 1966-жылы Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «тарых», 1994-жылы «укук таануу» адистиктери боюнча бүтүргөн. 1985-1987-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

2018-жылдын 11-октябрь күнү кайрадан ИИМинин атайлаштырылган мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Милициянын генерал-майору.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>