УКМК Илмияновдин ишин тергеп бүтүп сотко жөнөттү

УКМК Илмияновдин ишин тергеп бүтүп сотко жөнөттү

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмиянов  тарабынан алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаган.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Илмияновко боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланган.

Учурда Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

“Шоопур” деген каймана ат менен таанылган Атамбаевдин мурдагы аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинип, УКМКнын тергөө абагында киргизилген.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>