УКМК: Карамушкина калп айтат, спецназдын ур-токмогунан жай жаран каза тапкан эмес

УКМК: Карамушкина калп айтат, спецназдын ур-токмогунан жай жаран каза тапкан эмес

“Курманбек уулу Миржан күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду” деп Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын тараткан  маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

“Ирина Карамушкинанын бул  билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо  катары эсептесек болот. Жарандарды кызыктырган так жана туура маалыматтарды берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар бар”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле УКМК жалган маалыматтарды жайылтууда мыйзамга ылайык  жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Буга чейин бир катар басылмалар, Ирина Карамушкинага таянып Кой-Таштагы тополоңдо спецназдын ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жаран каза тапканы тууралуу жазып чыгышкан.

Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги четке каккан.

Министрликтин расмий маалыматына караганда, 7-8-авгусстагы Кой-Таш окуясында атайын кызматтын бир кызматкери каза болуп, 136 адам жабыркап ооруканага кайрылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>