УКМК пара алууга шектелген судья менен милиция кызматкерин кармады

УКМК пара алууга шектелген судья менен милиция кызматкерин кармады

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы шектүүгө оң өкүм чыгарып берем деп пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой 1-октябрь күнү Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматына шаар тургуну кайрылып, судья андан 100 миң сом талап кылганын айткан. Ошондой эле ал эркиндигинен ажыратпаган бөгөт каралышы үчүн сот органдарына 30 000 сом пара берүүгө аргасыз болгон.

Бул факты “Опузалап пара алуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Көл шаардык милициянын башчысынын орун басары судья менен сүйлөшүп алып,ортомчу катары оң өкүм кабыл алуу үчүн пара алууда сүйөшүүлөрдү жүргүзгөнү аныкталган.

30-октябрында Кара-көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бөлүгү 20 000 сом акча каражатын алууда Кара-көл шаардык судьясы  Ы.П. жана шаардык милициянын башчысынын орун басары Б.М. кармалды.

Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>