УКМК: Садыр Жапаровду колдоо штабынын маалыматы жөн гана каралоо

УКМК: Садыр Жапаровду колдоо штабынын маалыматы жөн гана каралоо

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти Садыр Жапаровду колдоо штабынан табылган тыңшоочу жабдыкка атайын кызматтын катыштыгы жок экенин билдирди.

Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов reporter.kg ` ге “жабдыкты атайын кызмат орноткон болушу мүмкүн” деген маалымат жөн гана каралоо деди.

“Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Алар өздөрүнүн ойундагысын ишке ашырууну каалап, жөн гана атын чыгарып жатышат. Биздин коопсуздук жана коррупция менен күрөшүү жаатында башка жумуштарыбыз толтура”, — деди Сулайманов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабынын мүчөлөрү үн тыңшоочу жабдык табылганын 17-февралда айтып чыгышкан.

Алар бул иштин артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турушу мүмкүн деп шек санашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>