УКМК Садыр Жапаровдун агасы менен Каныбек Осмоналиевдин кармалганын тастыктады

УКМК Садыр Жапаровдун агасы менен Каныбек Осмоналиевдин кармалганын тастыктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучулары кармалганын тастыктады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

Митингдин уюштуруучулары катары кармалгандар: экс-депутат Каныбек Осмоналиев, абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров жана «Кырк уруу кыргыз — жети дубан ынтымагы» кыймылынын жетекчиси Амангелди Артыков. Мындан сырткары митингдин активдүү катышуучулары дагы УКМКга жеткирилген.

2-марттагы миттингде болгон баш аламандыкка байланыштуу кармалгандардын айрымдарына  Жазык-кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алуу аракети) боюнча, сотко чейинки териштирүү башталган.  

Митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Ички иштер министринин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Алмаз Орозалиев мыйзам бузуулардын барына митингдин уюштуруучулары жооп берерин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>