УКМК Ширин Айтматованын жолдошунун кармалышы боюнча билдирүү таратты

УКМК Ширин Айтматованын жолдошунун кармалышы боюнча билдирүү таратты

“Үмүт 2020″саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу Алматыдагы аба майдандан кармалды. Бул тууралу ал Twitter`ге жазды.

Маалыматка караганда, анын жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап, Бишкек шаарына алып келишкен. Айтматова жолдошун себепсиз кармалды деп, муну саясий репрессия катары баалаган.


Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул боюнча маалымат таратып, кармалган адам Айтматованын жарандык никедеги жолдошу экендигин ачыктады.

«Кытайдын М.М. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 350 миң долларын алдап алган С.К. аттуу адамга  чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жазык кодексиндеги “Ири өлчөмдөгү алдамчылык”  беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Арыз менен кайрылган кытай жараны Кыргызстанга «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жана инвестиция тартуу үчүн келгени сотко чейинки тергөөдө аныкталды. Ал «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сынакка даярдануунун жүрүшүндө С.К. менен таанышкан. С.К. кытайлык инвестордун ишенимине кирип, 350 миң доллар алып, акчаны кайтарып берген эмес. Мындан сырткары С.К. кытайлык инвестордон дагы 250 миң доллар талап кылганы боюнча далилдер табылган. С.К. бүгүн, 20-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорку Кеңештн мурдагы мурунку депутаты Ширин Айтматованын  жолдошум кармалды деген билдирүүсү боюнча: Айтматова акыркы көрсөтмөлөрүнүн биринде  С.К. менен ажырашканын жана ал  менен жарандык никеде жашаганын билдирген”, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Ширин Айтматова өзү түптөгөн «Үмүт 2020» саясий кыймылы аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сындап келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>