УКМК: Соцтармак аркылуу аймактар аралык касташууну козуткан адам кармалды

УКМК: Соцтармак аркылуу аймактар аралык касташууну козуткан адам кармалды

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери социалдык тармакта отуруп алып аймактар аралык касташууну козуткан адамды кармашты. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн.

Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири бирин жек көрүү түрүндө аймактар аралык касташууну жараткан.

Бул факты  “Аймактар аралык касашууну козутуу” беренеси менен  сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  Тергөө жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>