УКМК Жунусовдун Кой-Таш окуясы боюнча билдирүүсүнө жооп кылды

УКМК Жунусовдун Кой-Таш окуясы боюнча билдирүүсүнө жооп кылды

Кой-Таш окуясын иликтеген  коомдук комиссиянын катарынан чыгып кеткен адвокат Жамангул Жунусовдун билдирүүсү боюнча Улуттук коопсуздук комитети билдирүү таратты.

Жамангул Жунусов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамсыз кармалган жана президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясына кийлигишип,  мыйзамду бузган деп билдирүү тараткан.

УКМК Жунусовдун билдирүүсүн коомчулукту адаштыруу жана  мамлекет жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн каралоо деп жооп берди.

“Жунусовдун билдирүүсүндөгү президент Сооронбай Жээнбековдун Конституциясын жана Жазык-процесстик кодексинин одоно бузгандыгы чындыка дал келбейт. Ошондой эле  УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин пресс-конференцияда айтылган сөздөрүн Жунусов туура эмес нукка бургандыгы анык көрүнүп турат. Анда УКМК төрагасы пресс-конференцияда Башкы кол башчыга Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясы тууралуу маалымат берилгендиги жана  бардыгы мыйзам чегинде өткөрүүнү катуу талап кылгандыгы тууралуу билдирген”, — деп жазылат маалыматта.

Кой-Таш окуясын иликтеген коомдук комиссияга 11 аадм мүчө болгон. Буга чейин  Кой-Таш окуясын мамлекеттик комиссия да иликтеген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 7-8-августтунда Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясы жүргүзүлүп, жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон. Бул окуяга байланыштуу бир катар адамдар камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>