Украинада учак кырсыгынан 5 адам өлдү

Украинада учак кырсыгынан 5 адам өлдү

Украинанын Львов шаарынын аэропортуна жакын жерде “Украина Аэроальянс” авиакомпаниясынын Ан-12 учагы авариялык абалда конуп, кырсыктан беш адам мерт кетти. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Маалым болгондой, учак Испаниянын Виго шаарынан учуп чыгып,  Украинанын Львов аэропортуна жакын жерде учуп-конуу тилкесине 1,5 чакырым жетпей жерге конгон.

Бортто экипаждын 7 мүчөсү жана 1 адам болгон. “Украина 112” телеканалынын кабарлашынча, кырсыктын келип чыгышына учактын майынын түгөнүп калышы жана учкучтун катачылыгы себеп болгон.

Азыркы тапта каза болгон адамдардын өздүгү жана жана кырсыктын негизги себептери такталып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>