Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды

Улан Эгизбаевдин өлүмү боюнча сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлаганын «Азаттык» жазып чыкты.

Аталган облусттук соотун маалыматына ылайык, бүгүн, 7-августка белгиленген сот отуруму соттолуучулардын бири келбегенине байланыштуу болгон жок. Кийинкиси сентябрдын ортосунда өтөт.

Отурумга катышпаган соттолуучу 16-июлда көз жарган. Анын адвокаты ымыркайы торолгончо териштирүүнү убактылуу токтото турууну өтүнгөн.

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш кодексинин 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү») боюнча соттолууда.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>