Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык жеңүүчүлөргө тапшырылды — видео

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык жеңүүчүлөргө тапшырылды — видео

Бүгүн Бишкекте Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. 

Сыйлоо аземине Эгизбаевдин туугандары, экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

1-орунду “Азаттык” OCCRP жана “Kloop Media” порталы Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөсү үчүн алды

2-орун «Kloop Media» басылмасына Бишкектин Ататүрк паркындагы жерлердин сатылышы тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды

3-орун журналист Болот Темировго берилди. Ал Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат жасалгаларынын баасын иликтеген.

Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти Марат Акимбек уулуна «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн берилген.

Ушундай эле сыйлык журналист Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.

Бул «Журналисттик иликтөөлөр фонду» тарабынан экинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>