Улугбек Ормонов “Токой чарба агенттигинде жетекчи жок” деп өкмөттү сындады

Улугбек Ормонов “Токой чарба агенттигинде жетекчи жок” деп өкмөттү сындады

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болду. Анда депутат Улугбек Ормонов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы 2 айдан бери дайындалбай турганын сынга алды.

«Аталган агенттиктин башчысы камалганына 2 ай болду. Бүгүнкү күнгө чейин жетекчинин милдетин аткаруучу башчы дайындалбай турат. Эмне себептен? Бул өкмөткө кереги жокпу? Ушул боюнча карап коюңуздар», — деди Ормонов.

Белгилей кетсек, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы А.И. пара алууга шектелип кармалган. Алар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун чет элдик жарандарга берүү үчүн оң чечим чыгарып беребиз деп, пара талап кылышкан.

Аларды УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 30-июлда 2000 миң доллар алып жаткан жеринен кармаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>