Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду (видео)

Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпиону болду.

Ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан мелдеште Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайты кабарлагандай, Жолдошбеков  финалдык беттеште индиялык Равиндер Равиндер менен күч сынашып, 5-3 эсебинде жеңип алды.

Алгачкы беттешинде ал түркиялык Селефатин Сертти, 1/8 финалда украиналык Валентин Белицескийди, чейрек финалда казак балбаны Даулет Тажибайды жеңген. Жарым финалда жапон балбаны Ритаро Хяманы 12:1 эсеби менен жеңип финалга жолдомо алган.

Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында да алтын медал тагынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>