Улуттук энергохолдинг коронавирус илдети менен күрөшүүгө 7 млн сом которду

Улуттук энергохолдинг коронавирус илдети менен күрөшүүгө 7 млн сом которду

Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери  коронавирус илдети менен күрөшүүг үчүн ачылган эсепке 7 миллион 383 миң сом которушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, которулган акча Улуттук энергохолдингдин эмгек жамаатынын жана  тогуз туунду коомдордун – өлкөнүн энергетикалык компанияларынын кызматкерлеринин бир күндүк маянасы.

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча ачылган эсепке 24-мартка карата 11 миллион 300 миң сом сом келип түшкөнүн республикалык штабдан кабарлашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>