Улуттук энергохолдингде коронавируска байланыштуу штаб түзүлдү

Улуттук энергохолдингде коронавируска байланыштуу штаб түзүлдү

Улуттук энергохолдингде өзгөчө кырдаал режими учурунда энергетикалык компаниялардын ишмердигин координациялоо боюнча штаб түзүлдү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, штаб түзүү чечими холдинггдин директоруАйтмамат Назаров жана  энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде кабыл алынган.

Анда өзгөчө кырдаал режиминин алкагында түзүлгөн объекттерди электр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча республикалык штабдын сунуштарын кыйшаюусуз аткаруу милдеттери коюлду.

Мандына сырткары  кызматкерлерди вирустан коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу жана имараттар менен курулмаларды, компаниялардагы жумушчу орундарын кылдаттык менен санитардык иштөөдөн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурдулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>