Улуу Британиянын жаңы премьер-министри тандалды

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри тандалды

Улуу Британиянын жаңы премьер-министрлигине  Лондондун мурунку мэри Борис Жонсон тандалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Өкмөт башчылыкка экинчи талапкер катары Британиянын учурдагы  тышкы иштер министри Жереми Хант  ат салышкан.

Талапкерлер жеңишке жетүү үчүн 50 пайыздан ашык добушка ээ болшу керек эле. Концерваторлор өкмөт башчылыкка Борис Жонсондун талапкерлигин жактырышкан. Эми ал жаңы кызматына шаршенби күнү киришет.

Британиянын мурдагы премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда “Евробиримдиктен чыгуу”  кризисине байланыштуу кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>