Унаа салыгын төлөө 2-сентябрда аяктайт

Унаа салыгын төлөө 2-сентябрда аяктайт

Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда, аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин 1-сентябрь унаа салыгын төлөө акыркы мөөнөт деп белгиленген. Бирок аталган күн эс алуу күнүнө туш келгендиктен 2-сентябрга чейин узартылды. Бул күнү турак үй, батир жана жер салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Эскерте кетсек, салык органдары кезметчилик графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 1240 телефон номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>