ВИДЕО — Блогер Гасановго жулунган Бишкектин жаштары талкууда

ВИДЕО — Блогер Гасановго жулунган Бишкектин жаштары талкууда

Орусиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов 6-декабрь күнү Бишкекке келип кеткен.

Аны менен жолугуу үчүн борбор калаадагы соода борборлордун бирине миңдеген жаштар чогулган.

Учурда Гасанов менен көрүшү үчүн келген  жаштардын видеосу интернетке тарап, социалдык тармактагы кыргыз сегментинде талкууга алынды.

Видеодон миңдей адам милициянын жана жан сакчылардын тосмосуна карабай блогерди көздөй жулунуп жатканын көрүүгө болот.

Эң эле таң калыштуусу Гасановду күтүү үчүн чогулган жаштардын басымдуусу мырзалар.

24 жаштагы Гусейн Гасановдун  Instagram баракчасында 12 миллиондон ашуун катталуучу бар. Ал тамашалуу видеолорду тартып, баракчасына жүктөп турат. Блогердин YouTube каналына 1,3 миллион катаалуучу жазылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>