Видео — Ирандын эки ракетасы тийип кулап түшкөн украиналык учактын видеосу жарыяланды

Видео — Ирандын эки ракетасы тийип кулап түшкөн украиналык учактын видеосу жарыяланды

“The New York Times” басылмасы Ирандын эки ракетасы тийип кулап түшкөн украиналык учактын  видеосун жарыялады.

Видеодон Тегеран аэропортунан көтөрүлгөн Украинанын «Боинг» учагын көздөй эки ракета кое берилгенин көрүүгө болот.

Учак дароо жарылган эмес, ал өрт тутангандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин кулап түшкөн.

Анын ичиндеги 176 адамдын бардыгы мерт болгон. Иран бийлиги төрт күндөн кийин учакты кокустан атып алганын мойнуна алган.

Дүйшөмбү күнү Иран бийлиги учактын атып түшүрүлүшү боюнча бир нече кишини кармагандыгы белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>