Видео — Конор Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаут менен жеңди

Видео — Конор Макгрегор атаандашын 40 секундда нокаут менен жеңди

Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор UFC турниринде америкалык Дональд Серронени менен беттешип, 40 секундда аны техникалык нокаут менен утуп алды.

Беттеш бүгүн, 19-январда Лас-Вегас шаарында, аралаш мушташ боюнча UFC 246 турниринин алкагында өттү.

Макгрегор беттешин башында эле катуу чабуулга өтүп, каршылашына таамай сокууларды узатты. Беттештин кыркынчы секундасына келгенде рефер беттешти токтотууга аргасыз болду.

Конор Макгрегор акыркы беттешин 2018-жылы 6-сентябрда өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

https://youtu.be/kpD6RvBhfc8

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>