Видео — Тармактык комитет Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

Видео — Тармактык комитет Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу депутат Исках Пирматов билдирди.

Бекназаровдун талапкерлигин кароого журналисттер катышкан жок. Анткени комитеттеги айрым маселелер жабык каралат деп ЖМК өкүлдөрүн сыртка чыгарышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Искак Пирмаматов журналисттер Бекназаровдун талапкерлигин кароо учурунда журналисттер өздөрү кирбей койгонун айтышты.

Азимбек Бекназаров Бакиевдин бийлиги тушунда Башкы прокурор болуп турган. 2010-жылкы саясий окуяларда оппозициянын лидери болгон. Апрель окуяларынан кийин ал өкмөттө вице-премьер министр кызматты аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>