Ысык-Атадагы «Кант» заводуна 150 унааны көзгө илбей кимдердин кант кызылчасы кезексиз кирет? (видео)

Ысык-Атадагы «Кант» заводуна 150 унааны көзгө илбей кимдердин кант кызылчасы кезексиз кирет? (видео)

Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы “Кант” заводуна айрым дыйкандардын кант кызылчасы  эмне себептен кезексиз кирүүдө?  Мындай суроо менен Репортер агенттигине окуяга күбө болгон  дыйкан кабарлап, зводдогу кезек күткөн дыйкандардын видеосун жиберди.

Видеодонун автору айрым унаа ээлери 100-150 унааны көзгө илбей кезексиз өтүп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

 “Кезек күтүүнүн убактысы эки суткага чейин  созулуп, узундугу 1,5 чакырымга чейин жетүүдө. Жалпысынан жүздөн ашык унаа кант кызылчасын жүктөп алып узун кезекте турушат. Бирок ушул райондогу кант кызылчасын көп эккен дыйкандар кезексиз кирип жатат. Завод дыйкандар менен түзгөн клишим боюнча бир гектар үчүн  түшүмдүн 20 тоннасынынг акысын акчалай бермек, бирок  14 тоннасын гана акчалай берип, келишимди аткарбай жатат”, — деген ал.

Толук маалыматты видеодон көрө аласыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>