Ысык-Көлдө кагышкан эки унаа кырсыктан кийин өрттөнүп кеткен  — сүрөт, видео

Ысык-Көлдө кагышкан эки унаа кырсыктан кийин өрттөнүп кеткен  — сүрөт, видео

Балыкчы ― Каракол унаа жолунда жол кырсыгынан каза болгондор 37 жана 41 жаштагы жарандар болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, кырсык тууралуу кабар милицияга 14-январь күнү болжол менен саат 02.30да түшкөн.

“Чок-Тал айылынан 37-жаштагы А.Шериктин башкаруусундагы «Камаз» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа  31-жаштагы К. Элдиярдын башкаруусундагы «МАN» оор жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшүп алган. Натыйжада, эки автоунаа белгисиз себептер менен өртөнүп кетткен. Кырсыктын кесепетинен «Камаздын»  айдоочусу, аны менен жүргүнчү болуп бара жаткан 41-жаштагы айылдашы К. Айбек, окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми «МАN»  автоунаанын айдочусу жана анын 18-жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта.
[su_image_carousel source=»media: 18331,18330,18329″]

Бул фактыКылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып,  тийиштүү эксперизалар дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>