Ысык-Көл облусуна туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлүнөт

Ысык-Көл облусуна туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлүнөт

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификация үчүн парламентке жөнөтүлдү.

Бул каражатка Казакстан менен байланыштырган Түп — «Каркыра» көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду ремонттоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат.

Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөө, инспекторлорду даярдоого, Жарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда.

Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>