Ысык-Көл облусунда 99 пайыз мектептер интернет менен камсыз болду

Ысык-Көл облусунда 99 пайыз мектептер интернет менен камсыз болду

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 189 мектепте ( жалпы 191 мектеп ) интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган. Мында Ак-Суу жана Жети-Өгүз районундагы 2 мектеп боюнча булалуу-оптика байланыш линиялары аркылу кошулууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, өнөктөштөр менен бирдикте спутниктик байланыш аркылуу аларды интернетке кошуу маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдиргенин «Марал» жазып чыкты.

Учурда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин 85 объектисин (пландуу саны 92) жана 59 айыл өкмөтүн (жалпы саны 61) Интернетке кошуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган.

Мындан тышкары, облус боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бардык объектлери интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздалган.

“Кыргызпочта” ишканансынын бөлүмдөрүн кошуу боюнча иштер уланууда. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук иштешин камсыз кылуунун алкагында укук коргоо органдарын интернетке кошуу боюнча иштер өзүнчө улантылууда. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облус боюнча:

  •  9-Башкы прокуратуранын;
  • 9-Ички иштер министрлигинин;
  • 2 -Экономикалык кылмыштаргша каршы күрөшүү кызматынын (финпол);
  • 3 -Жазаларды аткаруу кызматы;
  • 17-Сот департаментинин объекттерин интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды.

Долбоор «Кыргызтелеком» ААКсы жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>