Ысык-Көлдө 29 жаштагы аялды сабап, көл жээгине таштап кетишкен. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көлдө 29 жаштагы аялды сабап, көл жээгине таштап кетишкен. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көл облусунун  Бактуу-Долоноту айылынын 29 жаштагы тургуну Нурсалима Советбекова таанышым сабап, көл жээгине таштап кетти деп милицияга кайрылды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. 

Маалым болгондой, Нурсалиманын сабалгандыгы тууралуу кабар милицияга 6-январь күнү саат 15:30да түшкөн.

Жабырлануучу өз арызында, аны Азиз аттуу адам  «милицияга жазган арызыңды ал» деп унаасына күч менен салып, көл жээгине алып барып сабап,  сол колун бычак менен тилип салган.

Бул факты Жабылануучунун арызынын негизинде Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен тергөө иштери улантылмакчы.

Ал эми Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Азиз өз көрсөтмөсүндө, Нурсалиманы акыркы жолу 2019-жылдын декабрь айында көргөнүн,  6-январь күнү саат 10:00 чамасында ойгонуп, болжол менен саат 14:00 чамасында туугандары менен Чолпон-Ата шаарындагы тааншынын үйүнө барганын айткан.

Буга чейин Нурсалима Советбекова Kaktus.media сайтына кайрылып, август айында Азиз аттуу адам аны 3 ай бою зордуктап келгенин жана андан боюнда болгонун айткан. Ошондой эле жергиликтүү милиция Азизге эч кандай чара көрбөй жатканын кошумчалаган.

Бул боюнча облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов, арыз ээсинин «Азиз мени 3 ай бою сабап, зордуктап келди» дегени тергөө учурунда далилденбегенин билдирди.

«Анын милиция эч кандай чара көрбөй жатат дегени жалган. Биз анын арызынын негизинде териштирүү жүргүзүп, күбөлөрдү суракка алганбыз. Анын жыйынтыгы менен кылмыштын белгилери далилдеген жок», — деди Усубакунов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>