Ысык-Көлдө 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Ысык-Көлдө 4 баллга жеткен жер титирөө болду

6-март күнү саат 04:59да Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Эчкили-Таш айылынан түндүк-батышка 12 чакырымда, Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка 16 чакырымда, Жаргалаңдан түштүк-чыгышка 30 чакырымда, Каракол шаарынан чыгышка 76 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Эчкили-Таш айылында 3,5 баллга, Кең-Суу айылында 3 баллга, Жаргалаң айылында 2,5 баллга сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>