Ысык-Көлдө 9 бала багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат

Ысык-Көлдө 9 бала багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат

Ысык-Көл облусунда 9 бала багып алуучу (фостердик) үй-бүлөдө 17 турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган облуста ар бир районунда багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөрдү даярдоо үчүн 21 адам атайын окуудан өтүштү.

Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүүсү зарыл. Убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок, өздөрүнүн балдарын кошкондо 5 баладан ашпашы керек.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом өлчөмүндө айлык акы, ал эми балдардын өздөрүнө (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) 6 миң сом ай сайын бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн тез арада алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгондор жайгаштырылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>