Ысык-Көлдө айдоочулар жүк ташуучу унаага жүргүнчүлөрдү катып алып посттон өтмөкчү болушкан

Ысык-Көлдө айдоочулар жүк ташуучу унаага жүргүнчүлөрдү катып алып посттон өтмөкчү болушкан

Ысык-Көл облусунда жүк ташуучу унааларга жүргүнчүлөрдү катып алып бараткан эки айдоочу кармалды.  Бул тууралуу облустук милицянын басма сөз кызматы билдерет.

Тартип сакчылары  3-апрель күнү Чок-Тал айылынын постунан, «Мерседес-Бенц-316» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасын токтотушкан. Айдоочу шаарга азык-түлүк алуу үчүн бара жатканын айткан. Бирок, айтоунааны текшерген учурда, анын ичинде 11 жүргүнчү бар экендиги аныкталып, алар Балыкчы шаарынан Ананьево айылына бара жаткандыгы тастыкталган.

[su_image_carousel source=»media: 25370,25371,25369,25368,25367″ crop=»none» autoplay=»4″]

Ошол эле күнү, Түп районунун милиция кызматкерлери тарабынан, Түп айылына кире беришинде орнотулган посттунан «Камаз-35320» үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, анын ичинен 23 жүргүнчү бара жаткандыгы аныкталган. Айдоочунун айылынан жумушчуларды жалдап, Түп районунун Балбай айылына көртөшкө жүктөгөнү бара жатканын айткан.

Эки айдоочуга Бузуулар кодексиндеги “Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу” беренеси менен протоколдор түзүлүп, айтоунаалар атайын токтотуучу жайга киргизилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>