Ысык-Көлдө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

9-октябрь күнү саат 03:49 чамасында  Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 5,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Түп районунун Талды-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Шаты, Түп жана Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>