Ысык-Көлдө корейлер “коопту” витамин таратып жүрөбү? Милициянын жообу

Ысык-Көлдө корейлер “коопту” витамин таратып жүрөбү? Милициянын жообу

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тарап жаткан “корейлер элге коопту витамин таратып жүрөт” деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, интернетте тарап жаткан маалымат жалган жана эки жыл мурунку окуя.

“Аталган видео тасма 2018-жылы Ысык-Көл районунда тартылган. Тасмадагы улан-кыздар кореялык студент-волонтерлор экенидиги жана алар ошол жылдары англис тилин үйрөтүп жүрүшкөнү аныкталган.  Түшүнбөстүктөн улам, жергиликтүү эл видеого тартышкан.  Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аларда эч кандай коопту витамин жок экендиги ошол 2018 жылы такталган”, — деп билдирди Усубакунов.

Ошондой эле  обулстук милициянын өкүлү жарандарды элди дүрбөлөңгө  салган жалган  кабар таратуудан оолак болууга үндөп кетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>