Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында кечээ, 20-февралда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ саат 21:51де катталган. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты, Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>