Ысык-Көлдө жол кырсыгында 2 адам жаракат алды

Ысык-Көлдө жол кырсыгында 2 адам жаракат алды

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришкенин «24.кг» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 61-чакырымында, Кызыл-Туу айылынын 1980-жылы туулган тургуну «Ауди 80» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, карама-каршы тилекеде келе жаткан «ВАЗ-212» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кесепетинен «ВАЗ-212» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алып, Тоң райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>