“Замандаш” партиясы 2020-жылы парламенттик шайлоого өз алдынча барат

“Замандаш” партиясы 2020-жылы парламенттик шайлоого өз алдынча барат

Келерки парламенттик шайлоого “Замандаш ” партиясы өз алдынча барат. Бул тууралуу партия төрагасы Жеңиш Молдокматов Репоертер агенттигине айтып берди.

Түшүндүрө кетсек, биздин редакцияга өздүк булактар тарабынан маалымат түшкөн эле. Анда Молдокматов алдыдагы парламенттик шойлоодо бийлик колдой турган партияга кире турган жаштардын жаңы тизмесин түзүп жатканы айтылат. Ошондой эле булагыбыз “Замандаш ” партиясынын төрагасы ак түстөгү “Тойота прадо” менен Мамлекеттик резиденцияга тез-тез каттап, президент менен жолугуп жатканын айтып берди.

Репортер агенттиги аталган маалыматтын чын-бышыгын билүү үчүн Жеңиш Молдокматов менен байланышканда ал, айтылгандардын барын четке какты.

“Бул жөн эле ушак сөз. Биздин партия  Кыргызстандагы  эң активдүү 10 партиянын бири. Мен партиянын мүчөлөрүн жаштар анан улуулар деп бөлбөй эле тизмесин түзүп, парламенттик шайлоого даярдап жатам.Улам иш алыдга жылган сайын ар кандай сөздөр чыга берет экен”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>