Замирбек Аскаров: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом туура колдонулушу керек

Замирбек Аскаров: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом туура колдонулушу керек

Аймактарды  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын негизинде аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнгөн. Бул сумманы негиздүү пайдалануу керектигин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча  сынак комиссиясынын биринчи жыйынында билдирди.

Сынак комиссиясынын катчылыгы катары чыгып жаткан Кыргызстандагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик долбоорлорду тандоонун системасы менен тааныштырды.

Долбоорлорду тандоодо территориялык артыкчылык, ар бир аймактын кластердик принциби жана жумуш орундарды түзүү боюнча аныктоо негизги критерий болот.

Комиссиянын төрагасы, Замирбек Аскаров сунуштарды уккан соң, тез арада долбоорлорду кабыл алууну ишке ашыруу керектигин айтты.

Ал барынан биринчи долбоорлордун каржылоосу аймактардын  деңгээлин көтөрүүгө багытталышы керектигин баса белгиледи.

Аскаров сынак комиссиясынын катчылыгына үч жумуш күндүн ичинде инвестициялык бизнес долбоорлорду , инфраструктуралык жана өнүгүү программаларды тандоо боюнча критерийлерди иштеп чыгууну тапшырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>