Жаңы өзгөртүү. Жол коопсуздук кызматкерлери айдоочулардан эмнелерди текшере алышпайт?

Жаңы өзгөртүү. Жол коопсуздук кызматкерлери айдоочулардан эмнелерди текшере алышпайт?

Жол коопсуздугун камсыз кылган кызмат адамдары функцияларына туура келбеген бир катар милдеттерди аткаруудан бошотулду. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабаралшты.

Ага ылайык, жол коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер айдоочулардан төмөндөгүлөрдү текшерүүгө укугу жок:

транспорт каражаттарына салыктын төлөнгөнүн тастыктаган же аны төлөөдөн бошотулганын күбөлөндүргөн документти;

— транспорт каражаты менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу боюнча ишкерлик кылса, жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк же ыктыярдуу патент же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

— кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү ташууда төлөм үчүн же жалдоо боюнча ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин.

Жол кыймылынын эрежелерине 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, төмөнкү жерлерде ташууга тыюу салынды:  

— мотоциклдин арткы отургучунда;

— борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда;

— баланын боюна жана салмагына шайкеш болгон балдарды карматуучу атайын түзүлүш жок болгон учурда жеңил автомобилдин алдыңкы отургучунда. Балдарды карматуучу атайын түзүлүштөрдү орнотуу жана аларга балдарды транспорт каражаттарын жана карматуучу түзүлүштөрдү пайдалануу боюнча колдонмолордун талаптарына ылайык жайгаштыруу керек.

Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө чет өлкөлөрдө сыноодон өткөн жана жакшы натыйжа көрсөткөн «Жаңыдан баштаган айдоочу», «Таксомотор (такси)» жаңы белгилери киргизилди.

«Таксомотор (такси)» белгисинин киргизилиши такси паркын бирдиктүү тартипке (формага) алып келет, жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык жол менен ташуу бөлүмү боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын шарттайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>