Жаңы жыл түнү милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

Жаңы жыл түнү милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

Жаңы жыл түнү Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 31-декабрда саат 19:30 чамасында, Медеров менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа Медеров көчөсү менен бара жатып, милицияга таандык УАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркап ооруканага кайрылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Унаалар айып короого токтотулуп, териштирүү жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>