Жаңы жыл түнү “Тез жардам” кызматына 759 кайрылуу түштү

Жаңы жыл түнү “Тез жардам” кызматына 759 кайрылуу түштү

Жаңы жыл түнү Бишкекте “Тез жардам” кызматына 759 киши кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, кайрылгандардын ичинен 120 адам ар кандай диагноз менен медициналык жардамдары алган. Ал эми 600 адамга телефон аркылуу дарыгерлер кеңеш берген.

Жаңы жыл түнү Тез жардам кызматы келгенге чейин 5 адам каза болгон. Мындан сырткары 5 адам жол кырсыгынан жаракат алып, 1 адам сабалган, дагы бир жаран бычактан жаракат алып ооруканага кайрылган.

Ошондой эле туруктуу жашаган жери жок  7 адам кайрылган. Алар социалдык жайларга жеткирилди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>