Жаңы жылга карата 10 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жылга карата 10 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу 10 миң тартип сакчы коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары 1-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады.

Борбор калаада майрам күндөрү 2,5 миңден ашуун милиция нөөмөттө болот. Мындан тышкары милициянын патрулдук кызматы бөлүнүп берилген аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмат.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында тез жардам кызматынын 2 бригадасы нөөмөттө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>