Жакшы жаңылык! Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

Жакшы жаңылык! Кыргызстанда дагы 3 бейтап коронавирустан айыкты

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги hеспубликалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>