Жактоочу: Атамбаев соттук отурумда суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, бөлмөдөн чыгып кетти

Жактоочу: Атамбаев соттук отурумда суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, бөлмөдөн чыгып кетти

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум башталып, отурумдан айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып кетти. Бул тууралуу экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Слесарев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратындагы сот өткөн жер абдан тар экенин айтты.

Алар соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтиришкен, бирок судья андан баш тартканын журналисттерге айтты.

«Сот өткөн жер медициналык, санитардык нормалардан мурда да адамдык нормага жатпайт. Аянты 12-15 чарчы метр болгон бөлмөнү элестеткиле. Ал жерде 18 киши отурат. Ага Алмазбек Шаршенович катышып, бирок суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, бөлмөдөн чыгып кетти», — деди жактоочу.

Кайрадан отурум УКМКнын имаратында саат 14:00 уланары маалым болду.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>