Жактоочу Токтакунов: «Митингге чыкпа, чыксаң эмне болорун билесиңда» деген коркутуулар болуп жатат

Жактоочу Токтакунов: «Митингге чыкпа, чыксаң эмне болорун билесиңда» деген коркутуулар болуп жатат

Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте Ала-Тоо аянтында жемкорлукка каршы #Rеакция 2 аталышында тынчтык митинги өтүп жатат. Учурда аталган аянтка миңге жакын адам чогулду.

Митингге чыккандардын бири жактоочу Нурбек Токтакунов кечээ күдөн тарта коркутуулар болуп жатканын айтты.

«Мага кечээтен тарта бир номурдан чалып «митингге чыкпа, чыксаң эмне болорун билесиңда» деген коркутуулар болду. Бирок мен ага карабай бүгүнкү тынчтык митингине жарандык пикиримди билдирүү үчүн чыктым. Мен бийликке каршы сүйлөгөнүм үчүн коркутуу болууда деген жыйынтыкка келип отурам. Мындан башка эмне болмок эле. Бир гана мага эмес бүгүнкү митингдин уюштуруучуларынын бардыгына чалышып, мага айтка сөздөрдү айтышыптыр. Факт үчүн алардын дагы пикирин сурап көргүлө. Бул коркутуулар үчүн укук коргоо органдарына кайрылам, бирок аларга ишенбейм. Анткени укук коргоо органдарынын бардыгы коррупцияга кызмат кылышууда», — деди Токтакунов.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>