Жалал-Абад шаарынын мэри агасын кызматка дайындап, кайра алып салды

Жалал-Абад шаарынын мэри агасын кызматка дайындап, кайра алып салды

Бир апта мурун кызматка дайындалган Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин агасы Абдималик Тагаев өз каалосу менен кызматтан кеткени айтылууда.

Социалдык тармакка мөөрү бар бирок мэрдин колу коюлбаган, кызматтан алуу жөнүндө буйруктун сүрөтү жарыяланды. Маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн шаар башкармалыгына байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Азаттык радиосу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууган агасын 21-августта шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындаганын жазып чыккан. Андан соң бул кабар интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>