•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАР

Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды жүк ташуучу унаа тебелеп кетти

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда 11 жаштагы кызды өлтүрө коюп кеткен айдоочу кармалды. Облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев Reporter.kgге билдиргендей, окуя 10-июлда, саат 11:00 чамасында болгон.

“Кызды көчөнүн бурулушунан А.К. аттуу адамдын башкаруусундагы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа арткы дөңгөлөгү менен тебелеп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция кызматкерлери шектүүнү шаардын аймагынан кармап келишкен. Ал өз көрсөтмөсүндө кызды көрбөй калганын айтууда”, – деди Сатыбалдиев.

Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *