Жалал-Абадда базар өрттөнүп, тиричилик буюмдар күйүп кетти

Жалал-Абадда базар өрттөнүп, тиричилик буюмдар күйүп кетти

21-августка караган түнү Жалал-Абад шаарынын Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылып, саат 01:50 өрт чектөөгө алынган. Ал эми толук өчүрүү жумуштары саат 04:15те аяктаган.

Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>