Жалал-Абадда ЖАМКнын 70 кызматкери үйлүү болду — фото

Жалал-Абадда ЖАМКнын 70 кызматкери үйлүү болду — фото

Премьер-министр Мухаммедкалый Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 70 кызматкерине Жалал-Абад шаарындагы жаңы үйлөрдүн батирлерин тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Биз силердин ишиңер кандай оор экенин билебиз. Сиздер калктын эң оор бөлүгү менен иштейсиздер. Бирок кайсы бир учурга чейин силердин ишмердүүлүгүңөргө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келди. Азыр көпчүлүгү өзгөрдү. Акыркы учурда силердин көпчүлүк кесиптештериңер көптөн күткөн батирлерин алышты», — деди Абылгазиев.

Маалымдама: Жазаларды аткаруу кызматында иштегендер үчүн 5 кабат үй 2017-жылы майда салынып баштаган. Анда бир жана эки бөлмөлүү 70 батир бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>