«Жалалабатэлектр» ишканасына жаңы директор келди

«Жалалабатэлектр» ишканасына жаңы директор келди

«Жалалабатэлектр» ишканасынын башкы директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Мындай чечимди директорлор кеңеши кабыл алганын ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Рахманов буга чейин Жалал-Абад район электр тармактарынын башчысы кызматын аркалап келген.

Директорлор кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, ишкананын коммерциялык маселелер боюнча орун басарлыгына Мыктыбек Жумабаев,  экономика жана каржы боюнча орун басарлыгына Мирлан Байсымаков дайындалган.

“Улуттук энергетикалык холдинг” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды.

Ишканынын мурунку директору Кеңешбек Маматканов жана орун басарлары мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>